АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жекшемби күнү Өзбекстанга учуп барып, Самарканддын аэропортунда президент Ислам Каримов менен жолугушту. Самаркандда Керри Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен кезигип, сөз сүйлөдү.
«Демократиялык башкаруудагы прогресс биз сөз кылган ар бир тармакта илгерилөөгө өбөк болооруна шек санабашыбыз керек» деп айтты Керри.
Жолугушуудан кийинки коммюникеде чөлкөмдүн өлкөлөрү Ооганстанга колдоосун билдирип, оогандардын эгемен, бейкут жашоосу аймактык коопсуздук менен туруктуулукка маанилүү экени белгиленет. Коммюникеде коңшу өлкөлөр ортосунда жана эл аралык терроризм сыяктуу коркунучка каршы күрөшүүдө кызматташууну күчөтүү дагы айтылат.
Жон Керри президент Каримов менен жолугушкан маалда журналисттердин көзүнчө адам укуктары боюнча сөз козгогон жок. Мамлекеттик катчы өзбек президенти жана тышкы иштер министрлери менен жолукканда “адам укуктары, жеке жарандардын коомдук турмушка аралашуусу сыяктуу маселелерди” козгоого ниети бардыгын айтты.
Кечээ Жон Керри Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, АКШнын элчилигинин жаңы имаратынын ачылыш салтанатына катышты.
АКШнын тышкы иштер мекемесинин жетекчисинин Борбор Азиядагы сапары 3-ноябрда аяктайт. Жекшембинин кечинде Керри Казакстанга барат.