Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Мисирде кулаган учакта Кыргызстандын жараны жок


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин Мисирдин Синай жарым аралында ишембиде кыйраган Орусиянын учагында кыргызстандык атуул да болушу мүмкүн, деген маалымат тараган.

Учак Шарма-эш-Шейх шаарынан Санкт-Петербургду көздөй учуп баратканда кулаган.

Анын ичиндеги 224 адамдын баары каза тапкан. Азыр кырсыктын себептери иликтенүүдө. Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топтун өкүлдөрү учактын кыйрашына байланыштуу жоопкерчиликти өз моюнуна алышты.

Ошол эле маалда Мисир жана Орусия бийликтери анын абадан атып түшүрүлгөнүн же жардырылганын айтуу эрте экенин белгилешүүдө. Жекшембиде Орусияда кырсыктын курмандыктарына аза күтүлдү. (NT/KE)

XS
SM
MD
LG