Түркия өкмөтү Кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) аркылуу Бишкекке жаңы технологиялар менен жабдылган заманбап медициналык клиника курат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Клиниканын алгачкы долбоору иштелип чыкты. Долбоорду ишке ашыруу аракеттери жакын арада башталат.
Маалыматта жаңы курула турган медициналык мекеме Борбор Азиядагы алдыңкы борборлордон болору белгиленген.
Бишкекте учурдун талабына шайкеш, хирургия, кардиология жана терапия бөлүмдөрүнөн турган медициналык клиника куруларын жана анын курулушун Германия каржылай турганын өкмөттүн маалымат кызматы быйыл сентябрда кабарлаган. Тиешелүү макулдашууга вице-премьер-министр Валерий Диль менен германиялык Marien Hospital Herne клиникасынын өкүлү, профессор Марк Реймонддун жолугушуусунда жетишилген. (КЕ)