Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:22

Петербургга Египеттеги авиакырсыкта мерт болгон 144 адамдын сөөгүн алып келишти


Египет -- Учак кыйрап түшкөн жерди кайтарып турган аскерлер.
Египет -- Учак кыйрап түшкөн жерди кайтарып турган аскерлер.

Орусия чукул кырдаалдар министрлигинин учагы дүйшөмбү күнү эртең менен Каирден Петербургга авиакырсыктан мерт болгон 144 адамдын сөөгүн жеткирди. Калган сөөктөр дагы жакын арада алып келинет. Егиетте өткөн ишемби, 31-октябрда Орусиянын "Когалым Авиа" компаниясына таандык Аэробус A321-200 учагы кырсыкка кабылып, анын ичиндеги 224 адамдын бирөө да тирүү калган эмес. Алардын төртөө Украинанын, бирөө Беларустун, калганынын баары Орусиянын жарандары болчу.

Учак Египеттин Шарм-эш-Шейх курорттук шаарынан Петербургга учуп келаткан. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Орусиялык жана египеттик адистер учакты кыйроого алып келген жагдайларды иликтөөдө.

XS
SM
MD
LG