Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Ошто «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмуна иштеген аял кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Калаанын Салиева көчөсүндө жашаган 38 жаштагы М.С. аттуу аялдын үйүн тинтүүгө алган учурда, анын жанынан «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмуна тиешелүү программалар, 10 даана кыргыз тилиндеги китеп, сегиз даана DVD-диск электрондук китептер сакталган флеш-карта табылган.

Кармалган аял «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөсү экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал окуу жана видео куралдарын таратуу максатында алып жүргөнүн сурак учурунда моюнга алды. Окуя боюнча териштирүү иштери уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG