Көкшетоо шаарында 20 жаштагы бир жигит өзүн өрттөп ооруканага түшкөнүн "Азаттыктын" казак кызматына Акмоло облустук ички иштер департаментинен ырасташты. Окуя 1-ноябрдын кечинде болгон. Маалыматка караганда, 20 жаштагы жигит өз үйүндө үстүнө бензин чачып, өзүнө от койгон. Туугандары өрттү өчүрүп, аны облустук ооруканага алып барган. Териси 97 пайыздай күйгөн бул жигит азыр облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын өзүн өрттөшүнө жарандык никедеги жубайы менен чатакташа кеткени себеп болгону айтылууда.
Казакстанда ушуну менен өзүн-өзү өрттөө окуясы соңку бир айда эле экинчи жолу болуп отурат. 24-октябрда "Нур-Отан" партиясынын кеңсесинин алдында Ерлан Бектибаев аттуу жаран өзүн өрттөп, шаардык ооруканада каза тапкан.
Ал өзүнө кол салар алдында мындай жагдайга полиция кызматкерин айыптаган кат жазып кеткен.