Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

АКШ менен Түштүк Корея аскерий кызматташтыгын кеңейтет


АКШ менен Түштүк Корея Түндүк Кореянын опуза - коркунучтарынан улам аскерий кызматташтыгын кеңейтүүгө ниеттенип жатканын бүгүн Сеулдагы жолугушуудан соң эки өлкөнүн коргоо министрлери Эштон Картер менен Хан Мин Гу билдиришти. Алар Түндүк Кореянын узак радиустагы ракета учуруу же ядролук сыноо өткөрүүнү пландаган аракети тууралуу соңку билдирүүсүн айыпташты.

Картер Пхеньянды "коркунучтуу жана опузасын токтопойт" десе, Хан Мин Гу мындай коркунучтарга каршы туруу үчүн эки өлкө түрдүү багытта кызматташарын айтты.

Түштүк Кореяда америкалык 28 500 аскер жайгашкан.

Ядролук жана баллистикалык ракета боюнча программаларына байланыштуу Түндүк Кореяга карата БУУ, Евробиримдик жана АКШ санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG