Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Жалал-Абадда быйыл 14 өнөр жай ишканасы ачылды


Жалал-Абад облусу
Жалал-Абад облусу

Облус аймагында жыл башынан бери жаңы 14 өнөр жай ишканасы ачылып ишке берилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов “Азаттыкка” билдирди. Алардын эң ирилери Ала-Бука районунда ачылган Бозумчак жез-алтын кени жана Таш-Көмүр шаарындагы карамайды кайра иштетүүчү заводдору. Аларда 1200дөн ашуун жумушчу орундары түзүлгөн. Мындан сырткары аймакта 30 майда ишканалар да пайдаланууга берилди.

Облус аймагында 70 тен ашык ири өнөр жай ишканаларынын алтоо учурда иштебей турат. Өкмөт башчысынын тапшырмасына ылайык, улуттук экономиканы чыңдоо жылынын алкагында быйыл ар бир райондо 10дон кем эмес ишканалар ачылууга тийиш. (RsK)

XS
SM
MD
LG