Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Ошто милицияга арналган балдардын сүрөт көргөзмөсү ачылды


Ош шаары
Ош шаары

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт мектебинен кабарлашты. “Менин милициям мени коргойт” долбоорунун катышуучулары - шаардагы мектеп окуучулары жана Айтиев сүрөт мектебинин окуучулары. Алардын колунан 100гө чукул сүрөт эмгектери жаралган. Балдар ички иштер кызматкерлеринин жумушунун татаалдыгын, түйшүгүн жана милиция эрдиктерин чагылдырышкан. Кыл калем ээлери жол кайгуулчусунун, кылмышкерди кармаган тергөөчүнүн жана коррупцияга аралашкан милиция кызматкерлеринин да бейнелерин сүрөттөр аркылуу ачып беришкен.

Атайын сынактын негизинде Ош шаарында көп кабаттуу төрт үйгө милициялардын ишин чагылдырган граффитилер да тартылды.

“Менин милициям мени коргойт” долбоору Saferworld (Улуу Британия) эл аралык уюмунун каржылоосу менен “Түштүктөгү жаш юристтер” уюму тарабынан ишке ашууда. Аларга АКШ элчилиги тарабынан да көмөк көрсөтүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG