Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Алмазбек Абеков ачкачылык жарыялады


Алмаз Абеков, Бишкек, 29-август, 2011
Алмаз Абеков, Бишкек, 29-август, 2011

"Альфа Телеком" (Мегаком) компаниясындагы коррупциялык иштер боюнча айыпталып жаткан Алмазбек Абеков өзүнүн конституциялык укуктары бузулуп жатканын белгилеп, бүгүнтөн баштап ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Абаз Мамбетакунов кабарлады. Анын айтуусунда, сот органдары Абековдун буга чейинки кайрылууларына көңүл бурбай келишкен.

- Ал 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүгө катышуу үчүн биомтерикалык маалымат тапшыруу өтүнүчү менен сотко кайрылып, бирок жооп ала алган эмес. Укугу бузулуп жатканын айтып Абеков Башкы прокуратурага кайрылган болчу. Бирок прокуратура соттордун күнөөсү бар экенин белгилеп, жөн гана жооп жазып койгон. Эми Абеков прокуратура кылмыш ишин козгоп же андан баш тартуу боюнча чечимин чыгарганга чейин ачкачылык жарыялай турганын айтып жатат,- дейт адвокат Мамбетакунов.

Мындан сырткары Абеков укугу бузулуп жатканын белгилеп, Башкы прокуратурага, күч түзүмдөрүнүн башчыларына, ЕККУ, Кызыл чырым уюумуна кайрылуу жолдоду.

УКМК «Альфа Телекомдун» ошол кездеги башкы директору Азамат Мурзалиевди, жоопкерчилиги чектелген “Новострой сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абековду 2012-жылдын январь айында камаган. Аларга 49 пайыздык үлүшү мамлекетке караган «Альфа Телеком» ишканаcына 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып тагылган. Кийинчерээк Мурзалиев менен Аман уулу үй камагына чыгарылып, Абеков тергөө абагында калган. Үч жарым жыл УКМКнын тергөө абагында отурган Алмазбек Абековду Биринчи Май райондук соту 29-майда баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. 8-сентбярда Бишкек шаардык соту шаардык прокуратуранын арызы менен анын баш коргоо чарасын карап, ал кайрадан камалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG