Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Орус учагы ички жарылуудан улам кыйраган болушу мүмкүн


Кыйраган учактын сыныктары түшкөн жер. 1-ноябрь, 2015-жыл.
Кыйраган учактын сыныктары түшкөн жер. 1-ноябрь, 2015-жыл.

Мындай ыктымалдуулукту спутниктен тартылган сүрөттөр ишара кылууда.

Америкалык расмий өкүлдөр билдиргендей, аларга караштуу спутник тартып калган сүрөт учак анын ичиндеги бомбадан же күйүүчү бактагы жарылуудан улам кыйраганын көргөзүп жатат.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн бири Эн Би Си телеканалы менен маегинде орусиялык учак чоң бийиктикте жарылганын, ага кандайдыр бир ракета тийгенинин далилдери жоктугун кошумчалады.

“Ислам мамлекети” тобуна байланышы бар согушкерлердин учакты алар атышканы тууралуу ырастоосун Египеттин бийликтери да четке кагышкан.

Орусиялык авиакомпаниянын Airbus 321 жүргүнчү учагынын 31-октябрда Синай жарым аралдары үстүндө кыйроосунан анын бортундагы 224 адамдын баары өлгөн.

Учурда Санкт-Петербург шаарында кырсыкта каза тапкандарды таануу жана алардын сөөктөрүн туугандарына берүү иши жүргүзүлүүдө.(UE)

XS
SM
MD
LG