Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Жалал-Абадда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр отун менен камсыз болду


Облус аймагында кышка карата жакыр үй-бүлөлөрдүн катарындагы 4 миңден ашык кожолуктун 60 пайызы көмүр-отун менен камсыз болду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Гүлзат Аширова "Азаттыкка" билдирди. Азырынча Ноокен, Сузак жана Тогуз-Торо райондорунда жакырларга көмөк берүү толук аткарыла элек. Жалпысынан колунда жокторго 6,3 млн. сомдук отун керектелсе, бул аракеттер кыш мезгили келгиче бүткөрүлөт. Облус аймагында учурда 76 миңден ашык кожолук жакырлардын тизмесине кирип, анын деңгээли калктын санына салыштырмалуу 33,4%ды түзөт. (RsK)

XS
SM
MD
LG