Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Ошто кутурган ит тиштеген кыздын абалы дурус


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустар аралык балдар ооруканасынын директору Абдисамин Анарбаев билдирди. Эки жашар 10 айлык кыз ойноп жүргөн жеринен кутурган ит асылып, бетин, башын жана ооздорун тиштеп алган. Жолдон өтүп бараткандар итти ажыратып калгыча наристе бир топ таландыда калган. Окуядан жарым саат өтпөй кыз ооруканага жеткирилип, бир сыйра дарылоодон өткөн. Ошол эле күнү ал кутурмага каршы эмдөөдөн өткөн.

Дарыгердин айтуусунда, кыздын абалы жакшы. Ал ооруканада дагы 15 күн дарыланып, 90 күнгө чейин алардын көзөмөлүндө болот. Кичинекей наристенин ата-энеси “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты.

Ош шаар жакасындагы Учар айылында кызды иттин таландысынан куткарып калган эки кишини да кутурган ит тиштеп алган. 1-ноябрь күнү болгон окуядан кийин иттен дагы эки адам жабыр тарткан.

Учурда жабыркаган 5 жаран кутурмага каршы эмдөөдөн өтүп, кыздан башкасы үйлөрүнө чыгарылышты. Буга байланыштуу “Ош-Тазалык” муниципиалдык ишканасынын мергенчилери кутурган ит аралап өткөн көчөлөрдөн 17 итти жок кылышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG