Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Ошто майыптар бийликке нааразы


Бул тууралуу бүгүн «Шахида» майыптар коому маалымат жыйында билдиришти. Алардын айтуусунда, мамлекет мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын жетиштүү коргобой жатат.

Уюмдун Насиба Төлөгабылова аттуу мүчөсү беш миң сом пара талап кылган кызматкердин айынан майыптыгы үчүн жөлөкпул алалбай жатканын айтты.

Ал уюмдун калган мүчөлөрү үй-бүлө зомбулугунан улам көчөдө калышканын, аларга мамлекет же материалдык, же укуктук жактан жардам бербей жатканына нааразы.

Ошто мамлекеттик казынадан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилген жөлөкпулдан сырткары шаардык казынадан да ар бир майыпка бир жылда бир жолу 700 сомдук дары акысыз берилет.

Ош шаарында 18 жашка чейинки майып балдардын саны 731 болсо, 1-, 2-, 3-топтогу майыптардын жалпы саны 3611 адамды түзөт. 2004-жылы түзүлгөн «Шахида» уюмунда 200 майып мүчө катары катталган. (YI)

XS
SM
MD
LG