Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

“Тез жардам” кызматкерине кол көтөргөн жаран үй камагына чыгарылды


Kyrgyzstan - Crime codex during the trial of Daniyar Narymbaev and Hajimurat Korkmazov, Bishkek, 19Oct2015
Kyrgyzstan - Crime codex during the trial of Daniyar Narymbaev and Hajimurat Korkmazov, Bishkek, 19Oct2015

Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлады. 26-октябрда "Тез жардам" кызматынын чакыруу болгон жерге барган дарыгерлери ур-токмокко кабылган. Үйдүн кожоюну жана анын досу дарыгерлерге оорулууга тийиштүү жардам берген жок деп нааразы болуп, айдоочусун кошуп сабаганын шаардык милициядан кабарлашкан. Баш мээси чайкалып, оң жаагына кан уюп калган дарыгер учурда ооруканада. Бүгүн Ленин райондук соту медицина кызматкерине кол көтөргөн адамдын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарды.

Буга чейин вице-премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Дамира Ниязалиева "Тез жардам" кызматынын дарыгеринин сабалышы боюнча фактынын иликтенишин өз көзөмөлүнө аларын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG