Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Казак президенти британ премьери менен кездешти


Дэвид Кэмерон жана Нурсултан Назарбаев. Лондон, 3-ноябрь, 2015-жыл.
Дэвид Кэмерон жана Нурсултан Назарбаев. Лондон, 3-ноябрь, 2015-жыл.

Нурсултан Назарбаев менен Девид Кэмерондун сүйлөшүүлөрү бүгүн Лондондо өттү. Бул жерде казак президентинин ханыша Елизабет II менен да жолугушуусу белгиленген.

Ак ордо билдиргендей, Назарбаев менен Кэмерондун сүйлөшүүлөрүндө “казак-британ” кызматташтыгынын негизги багыттары талкууланып, үч келишимге кол коюлду.

Алардын бири - Британиянын Казакстанда “Экспо -2017” көргөзмөсүнө катышуусун карайт.

Лондондон соң Назарбаев Парижге барат.

Экономикасы мунайдын кирешесине байланган Казакстан негизги соода өнөктөштөрү Кытай менен Орусиядагы солгундоодон улам Батыштан инвестиция жана технология издөө аракетин күчөткөндөй.

Жакында казак президенти казынанын кирешеси кескин төмөндөгөнүн, өлкөнү оор экономикалык кризис күтүп турганын ачык айткан.

Ак ордонун маалыматына караганда, Назарбаевдин Париждеги сапары учурунда бир катар, анын ичинде коммерциялык келишимдерге кол коюлат. (UE)

XS
SM
MD
LG