СССРдин, Кыргыз Республикасынын эмгек миңирген машыктыруучусу Жеңиш Дөңбаевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, алар Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв мектебинин айланасында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча педагогикалык жамааттын кайрылуусун бүгүн, 4-ноябрда жарыялашат.
Анда 9-ноябрга чейин жабылган спорттук мектепти ачуу сунушталат. Олимпиадалык резерв мектебинин тарбиялануучулары 20-октябрда эрте менен №38 мектептин короосуна кирип, окуучуларды сабашкан, мектепке да зыян келтиришкен.
Өкмөт окуяны иликтөө үчүн вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева башында турган комиссия түзүп, 9-ноябрга чейин окууну токтоткон. (AiT)