Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:40

Ноокатта жаш ойлоп табуучулардын слету өттү


Бул тууралуу Ош облустук балдардын чыгармачыл борборунун директору Рахман Назаров “Азаттыкка” билдирди. Ноокат районундагы бир нече мектептин окуучулары өздөрү ойлоп тапкан техникаларын, айыл чарба буюмдарын, электр жабдууларын, кагаздан жана жыгачтан өз колдору менен жасаган күнүмдүк-тиричиликке керектүү тетиктерин көргөзмөгө жайды. Слетко жалпы 50дөн ашык жаш ойлоп табуучу катышты.

Б.Атишев, К.Бобулов атындагы Баргы жана А.Чыңгараев атындагы орто мектептин окуучуларынан түзүлгөн «Жол коопсуздук кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» айдоочуларды жол эрежелерин сактоого көндүрүүнүн жаңы ыкмаларын сунуш кылды.

Иш-чара ыр-бий менен коштолду. (ErN)

XS
SM
MD
LG