Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Жалал-Абад шаарына жылуулук бериле баштады


Шаар аймагында жайгашкан көп кабаттуу үйлөргө жана мамлекеттик бюджеттик мекемелерге жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад райондор аралык жылуулук ишканасынын директору Тыныбек Козубаев билдирди. Учурда ишкананын карамагындагы 17 от казандын баары иштеп, калаадагы 22 бюджеттик мекемелер менен катар 38 көп кабаттуу үйлөр жылуулук менен камсыздалууда. Козубаевдин белгилешинче, быйылкы кыш мезгилине карата көмүр жана мазут жетишерлик камдалган.

Мекеме 1200дөн ашык кардарды тейлейт. Бул шаар калкынын 40%га чукулун камтыйт.(RsK)

XS
SM
MD
LG