Словакияга баруу үчүн Шенген визасын ачтырууну каалаган кыргызстандыктар Бишкектеги Швейцария элчилигине кайрыла алышат.
Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Швейцария элчилиги 90 күндүк виза гана бере алат, эгер улуттук виза талап кылынса, Словакиянын Астанадагы элчилигине кайрылуу керек. Бишкекте бул өлкөнүн өкүлчүлүгү жок.
Бүгүнкү күндө Швейцария элчилиги аркылуу Польша, Словения, Латвия, Чехия жана Эстонияга да кыска мөөнөттүү Шенген визасын алса болот.
Шенген визасы бул аймакка кирген 26 өлкөгө тоскоолдуксуз кирүү укугун берет. (KЕ)