Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:08

Парламенттин отургучтары кийинки жылы жаңыртылат


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкер Асылбек Жээнбеков бүгүнкү жалпы жыйында билдирди. Анын айтымында, парламенттин кереслосу эмдиги жылдын жайында толук алмашат.

8-октябрда Мамлекеттик сатып алуу кызматынын интернет баракчасында Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы 120 кресло сатып алууга тендер жарыялагандыгы боюнча маалымат чыккан. Ага парламент 2,6 млн. сом жумшамак. Бирок Иш башкармалыктын жетекчиси Алмаз Кожомкулов тендер тууралуу буйрук бербегенин айтып чыккан.

Кресло сатып алуу демилгеси коомчулуктун кескин сынына кабылып, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган, жарандык коом өкүлдөрү 120 креслого жумшалчу каражатты айыкпас дартка чалдыккандарга көмөк көрсөтүүгө жумшоо демилгесин көтөрүп чыгышкан.

Талапкер катары программасын тааныштыруу учурунда Асылбек Жээнбеков парламенттин тегерегиндеги тосмо тууралуу да суроого жооп берип,тосмо азырынча керек деген пикирин айтты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG