5-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0...-5, күндүз +2...+7,
Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз +2...+7,
Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3...+2, күндүз 3...8,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,
Нарында түнкүсүн -3...-8, күндүз1...6,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...-6.
5-ноябрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 2…4 градус жылуу болот. (КЕ)