Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардын 4 көчөсүнө узундугу 6,7 чакырым жолго асфальт төшөлүп, ага кеткен чыгым 58,7 млн. сомду түзгөн. Бул каражат республикалык бюджеттен каралган.
Нарын облусундагы унаа жолдордун узундугу 3 миң 400 чакырымдан ашат. Анын ичинен эл аралык маанидеги жолдордун узундугу 518 чакырым, мамлекеттик маанидеги жолдор 1600 чакырымды түзөт. (MiK)