Кытай президенти Си Цзиньпин менен Тайвандын башчысы Ма Инцзюнун 7-ноябрга Сингапурда мерчемделген кездешүүсү 1949-жылкы жарандык согуштан берки алгачкы жолугушуу болот.
Бул тарыхый сүйлөшүүлөр Тайвандагы январдагы шайлоону утурлай антикытайлык маанай күчөп, өзгөчө жаштар ири коңшу менен экономикалык жактан тыгыз кызматташтыктын пайдасынан күмөн санап жаткан кезде өтүүдө.
Тайвандын лидери Ма Инцзюнун кеңсеси билдиргендей, анын Сингапурга сапары тынчтыкты чыңдоо максатын гана көздөйт. Визит учурунда эч ким келишимге кол коюлбайт, билдирүү жасалбайт.
Ал эми Кытайдын Тайвань иштери боюнча кеңсесинин башчысы Чжан Чжицзюнь эки ортодогу саясий талаш али жөнгөрүлө электигин эске салып, лидерлер «тынчтыкта» өнүгүү боюнча пикир-алышарын белгиледи.
Кытай Тайванды өзүнүн бир бөлүгү катары санайт жана аны кошуп алуу үчүн зарыл болсо күч колдонорун да жашырган эмес.
Тайвандын азыркы лидери Ма Инцзю бийликке келген 2008-жылдан бери Бээжин менен экономикалык байланыштарды чыңдады.
Бизнес жана туризм жаатында бир катар ири келишимдерге кол койду. Келерки жылы ал мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу бийликтен кетет. (UE)