Өкмөттүк күчтөр өлкөнүн борбордук бөлүгү менен түндүктөгү Алеппо шаарын байланыштырган жалгыз жолду кайра ээлегени тууралуу Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлады.
Мамлекеттик телекөрсөтүүнүн кабарына караганда, аскер бөлүктөрү аталган кан жолго толук көзөмөлдү “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлери менен уруштан соң орнотушту.
Өкмөттүк маалымат каражаттары ошондой эле жол жарандар үчүн эртең ачыларын да маалымдоодо.
Сириянын согушка чейинки эң ири шаары Алеппону азыр өкмөттүк күчтөр жана “Ислам мамлекети” тобуна кирбеген согушкерлер көзөмөлдөп турушат.
Бирок “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин чабуулдары шаардын өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөгөн аймактарынын өлкөнүн калган бөлүктөрү менен байланышын кеминде 12 күнгө үзүп салган. (UE)