Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Түштүк Судандагы авиакырсыктан 20дан ашуун адамдын өмүрү кыйылды


Учак кыйраган жер. 4-ноябрь, 2015-жыл.

Орусиялык өндүрүштөн чыккан, бирок тажикстандык компанияга караштуу учак Түштүк Судандын борбору Жуба шаарында кыйрады.

Өлкө аймактарынын бирине багыт алган учак бүгүн борбордогу эл аралык аэропорттон көтөрүлгөндөн көп өтпөй эле кулаган. Кырсыкта кеминде 25 адамдын өмүрү кыйылды. Айрым маалыматтарга караганда, курмандыктардын саны 40ка чейин жетиши мүмкүн.

Кыйраган учак пайдаланууда 1971-жылдан бери жүргөн. Азыр Тажикстандын “Азия аба жолдору” компаниясынын менчигинде эле.

Компаниянын директору Нарзикул Хамров “Азаттык” радиосуна билдиргендей, кырсыкта экипаждын алты мүчөсү каза тапты. Алардын бешөө Армениянын, бирөө Орусиянын жараны.

Бүгүнкү авиакырсык катталган Түштүк Суданда адатта алыскы аймактарга жүк ташуучу учактар деле жүргүнчү сала берет. (UE)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG