Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Маалыматтар Орусиянын учагы бомбанын жарылышынан кыйраганын айгинелөөдө


Америка жана Европанын коопсуздук булактарынын 4-ноябрдагы маалымдоосуна караганда, Мисирдин Синай жарым аралында орус учагынын кыйроосунун себеби Ислам мамлекетинин тобу койгон бомбанын жарылышынан экени аныкталууда.

“Жардыруу болгондой туюулууда. Бомба багажга же учактын дагы бир жерине коюлгандай”, деп айтты америкалык кызматкер CNN каналына. Адистер жардыруу Ислам мамлекетинин борбору катары жарыяланган Сириянын Ракка шаарынан буйрулган эмес деп эсептейт.

Бул Мисирдин Синай жарым аралында жайгашкан Ислам мамлекетинин топторунун өз алдынча жасаган иши болушу мүмкүн. Ислам мамлекетинин өзү орус учагынын кыйроосуна тиешеси бар экенин билдирүүдө.

Орусия учагынын 31-октябрда Мисир асманында 224 кишиси менен кандайча кыйраганы расмий түрдө жарыялана элек. (AiT)

XS
SM
MD
LG