Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:25

Бир аптада мыйзамсыз ташылган 145 тонна күйүүчү май алынды


Бул тууралуу УКМК алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, 27-октябрда “Кең-Булуң – автожол” өткөрмө бекетинде DAF автомашинасы мыйзамсыз, эч кандай документи жок алып келаткан 37 миң литр дизелдик отуну менен кармалган. Андан кийин Оштон Баткенге 40 тоннага жакын АИ-92 үлгүсүндөгү бензин ташып бараткан “Вольва” автоунаасы кармалды.

Мыйзамсыз ташылган күйүүчү майлар боюнча документтер толтурулуп, прокуратура органдарына тапшырылды.

Күйүүчү май ташуучулар ассоциациясы аткезчиликке бөгөт коюу үчүн Казакстандан автоунаа менен май ташып өткөрүүгө убактылуу тыюу салууну сунуштоодо. Ишкерлер мунай продуктыларын мыйзамсыз ташуудан мамлекеттик казынага салык жана башка төлөм түрүндө бир миллиард сомдой каражат түшпөй каларын ырастоодо. Ал ортодо атайын күзөт топтору көзөмөл бекеттерде күнү-түнү туруп, Казакстандан күйүүчү-майлоочу майдын ташылуусуна байкоо салууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG