6-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар аралаш жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу аймактардын автожолдорун кар күрткү басып, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,
Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз 8...8,
Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6,
Нарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13...-18, күндүз -3...-8.
6-ноябрда Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз ала-булут каптап турат, жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -1…-3 градус суук, күндүзгүсү 5…7 градус жылуу болот. (КЕ)