Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Ошто сөөгү табылган аял экс-депутаттын жакыны экени аныкталды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 4-ноябрда Ош шаарынын Нурматов көчөсүндөгү көпүрөнүн алдында жансыз денеси табылган 37 жаштагы аял экс-депутат Баяман Эркинбаевдин бир тууган эжесинин кызы экендиги маалым болду. Каза тапкан аял Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде мугалим болуп иштеп жүргөн.

Каза болгон Күмүшай Сатыбаева бүгүн Жалал-Абад областында туулган айылында жерге берилди.

Аял көпүрөдөн өзүн таштап жиберген болушу мүмкүн, деп болжолдонууда. Башка версияларды да иликтөө иштери жүрүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG