Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:58

Борбордук шайлоо комиссиясы “Республика Ата Журт” партиясынын талапкерлеринин тизмесиндеги Жыргалбек Саматовду Орусия жарандыгы бар, деген маалыматтын негизинде 27-октябрда тизмеден чыгарган. Саматов Кыргызстандын жараны экенин билдирип, БШКнын чечимин сотко берген. Сот 5-ноябрдагы чечими менен Саматовдун талабын канааттандырды. БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаров Жогорку Соттун чечимин мындайча түшүндүрдү:

-Бул Жыргалбек Саматовдун маселесин Борбордук шайлоо комиссиясы кайра карайт деген сөз. Жогорку Сот өз токтомунун толук текстин бергенден кийин карайбыз.

5-ноябрда БШК Арзыбек Кожошевдин депутаттык мандатын токтотту. Ал экономика жана өнөр жай министри болуп дайындалып кетти. Кожошев “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү. (AiT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG