Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:03

Президент: Оппозиция конструктивдүү болушу зарыл


Жогорку Кеңеш депутаттары
Жогорку Кеңеш депутаттары

Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал депутаттарга кайрылып оппозиция керек экенин, бирок алар өлкөнүн туруктуулугу үчүн бийликти сындай бербей жардам бериши керектигин айтты.

- Алты жыл мурда оппозиция өкүлдөрү ипподромдо эле чогула алчубуз. Оппозиция керек, бирок алар өлкөнүн туруктуулугу жана демократиялуу болушуна жардам бериши керек. Мен оппозиция дайыма каршы туруп, бийликти чукулаш керек деген айрым бейөкмөт уюмдардын пикирлерине кошулбайм.

Мындан сырткары парламенттеги башкаруучу коалицияга кайрылып, өз атын актап, мурдагылардын катасын эске алуу менен иштөөгө чакырды. Ал коалицияда туруп, ачык оппозиция болгон көрүнүштөрдү сындап өттү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG