Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Сирияда cогушта иприт газы колдонулду


Алеппо шаарын азыр өкмөттүк күчтөр жана “Ислам мамлекети” тобуна кирбеген согушкерлер көзөмөлдөп турушат.
Алеппо шаарын азыр өкмөттүк күчтөр жана “Ислам мамлекети” тобуна кирбеген согушкерлер көзөмөлдөп турушат.

Бул тууралуу Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюм билдирди. 1925-жылы эл аралык конвенциялар тарабынан колдонгонго тыюу салынган бул газ 21-августта Сириянын Алеппо провинциясындагы Мареа шаарындагы согуштук кагылышууларда колдонулганы уюмдун докладында жазылган.

“Бул Сириядагы иприт газынын колдонулушу аныкталган биринчи окуя. Бирок азырынча ага ким жоопкер экени белгисиз”-деп билдирди агенттиктин өкүлү France-Presse агенттигине.

Акыркы айларда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Сирия жана Ирактын аймагында иприт газын колдонуп жатканы тууралуу айтылып келген. Ал эми гуманитардык уюмдар Мареа шаарынын жанында ондогон адамдар химиялык чабуулга туш болгонун белгилешкен.

“Чек арасыз дарыгерлер” уюму аларга бир нече жай тургун ооруп түшкөнүн кабарлашкан. Ооруканага кайрылгандар алгач үйлөрүнө артиллериялык сокку урулуп, андан соң сары түстөгү газ чачкан жардыруу болгонун айтып беришкен.

Сириянын согушка чейинки эң ири шаары Алеппону азыр өкмөттүк күчтөр жана “Ислам мамлекети” тобуна кирбеген согушкерлер көзөмөлдөп турушат.

XS
SM
MD
LG