Бишкекте “Топозчулукту өнүктүрүү – тоолуу аймактардын жашоочуларынын социалдык абалын жана турмушун жогорулатуунун негизи”, деген аталыштагы илимий-практикалык жыйын өтүүдө. Улуттук илимдер академиясынан кабарлашкандай, ага Монголия, Кытай, Казакстан жана Тажикстандан келген окумуштуулар катышууда.
-Топоздон алынган продукцияны кайра иштетүү маселеси азыр актуалдуу болууда. Окумуштуулар асыл тукумдаштыруу жана кунарын көтөрүү менен алектениши керек. Малчылардын ишин илим менен айкалыштырып, өнүмдүүлүгүн жогорулатуу зарыл, – деди Биотехнология институтунун директору Асанкадыр Жунушев.
Кийинки жылдары өлкөдө топоз баккандар арбып баратат. Бирок анын тукуму майдаланып, мамлекеттик деңгээлде асылдандыруу маселеси чечилбей келүүдө. (КЕ)