Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Нарын милициясы үчүн атайын машыгуучу зал салынат


Нарын облустук ички иштер кызматкерлери үчүн ок атуу боюнча машыгуучу тир залы менен спорт комплексинин курулуш иштери башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиева билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарындагы «Босого» ишканасына тиешелүү имарат ИИМ тарабынан, спорт комплексин салуу үчүн 3 млн/ сомго сатылып алынган. Азыркы учурда имаратта ремонт иштери жүргүзүлүүдө. Милиция үчүн спорт залды курууга бюджеттен 42 млн. сом каралган. (MiK)

XS
SM
MD
LG