Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:20

Аба ырайы: жамгыр карга айланат


Бишкек, Кыргызстан
Бишкек, Кыргызстан

Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 7- 9-ноябрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош жолунда (121-138 чакырымдары) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбоого тийиш.

Жалпы республика боюнча 8-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда күндүз жамгыр жаап карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4... 1, күндүзү-2... 3 градус болот. Таласта түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүзү 3...8 градуска жылыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2...3, күндүзү 4...9 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүзү 1...6 градус жылуу болот. Нарын облусунда түнкүсүн -3...-8 градус суук, күндүзү 1...6 градус жылыйт.

Бишкекте 8-ноябрда жамгыр жаап, карга айланат. Түнкүсүн -1... 1, күндүзү 1... 3 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG