Чех журналисти Ленка Клицперова 2015-жылы Сириянын Кобани шаарында болгон. Жарандык согуштун залакасы тийген бул шаар азыр урандыга айланган. Журналист согуш күчөгөн кезде Түркияга качып кетип, кайра келе баштаган шаар тургундары менен жолуккан. Кобаниликтер өз үйлөрүн оңдоп, кайрадан тынч өмүр сүргүсү келет. Бирок “Ислам мамлекети” тобунун коркунучунан улам бул кыял качан жүзөгө ашары белгисиз.
Кобани: согуш талкалаган шаарда
1
Кобанидеги балдар.
2
Кобанинин жашоочусу Жалал Мисто үй-бүлөсү менен бузулган үйүнүн алдында отурат.
3
Уруш күчөгөн кезде катуу жарылуулар да болгон.
4
Кобанидеги адырда чай ичкен аялдар. Алар талкаланган үйүнүн жанындагы чатырда жашайт.
5
Кобанидеги карылар.
6
Кобанидеги кеч.
7
Кеч киргенде Кобанини караңгылык каптайт. Шаарда азыр электр жарыгы жок.
8
Секелектин жалгыз оюнчугу.