Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

“Газпром” Бишкек ЖЭБи үчүн газды арзандатты


Бишкек жылуулук борбору
Бишкек жылуулук борбору

Бишкек жылуулук борбору мындан ары көгүлтүр оттун миң кубометри үчүн 245 доллардан төлөй баштайт. Мындай макулдашуу “Газпром” ишканасынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, сүйлөшүүлөр “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасы аркылуу жүргүзүлгөн.

Бишкек жылуулук борбору мурда миң кубометр көгүлтүр от үчүн “Газпром” ишканасына 287 доллардан төлөп келген.

Кыргызстанды газ менен жабдыган “Газпром Кыргызстан” ишканасы ноябрь айынан тартып керектөөчүлөр үчүн көгүлтүр оттун баасы көтөрүлөрүн маалымдаган. “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматы баалар АКШ долларынын куну өсүп жатканына байланыштуу кымбаттап жатканын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG