Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Хорватияда парламенттик шайлоо өтүүдө


Хорватиянын парламенти. Загреб
Хорватиянын парламенти. Загреб

Бүгүн Хорватияда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Алдын ала сурамжылоолор көрсөткөндөй, премьер-министр, социал-демократ Зоран Миланович лидерлик кылган оңчул альянстын негизги атаандашы - консервативдүү “Патриоттор коалициясы” эсептелет. Алардын рейтингги оңчулдарга салыштырмалуу жогору.

Бирок өкмөттү куроо үчүн саясий күчтөрдүн эч бири жетиштүү добуш топтой албайт деген божомол бар.

Хорватия Европа биримдигинин курамына киргенден бери бул шайлоо эң татаал учурга туш келди. Чөлкөмдө учурда согуш тутанган аймактардан качып барган мигранттар көйгөйүнөн сырткары, Хорватияда алты жылдык экономикалык каатчылыктын чыгуу жараяны жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG