Бүгүнкү күндө Кыргызстанда сегиз миңге жакын өспүрүм мыйзам бузганы үчүн каттоодо турат. Бул тууралуу бүгүн Социалдык коргоо министрлигинен кабарлашты. Ал эми жашоосу оор деген балдардын саны 14 миңге жакын.
Соңку жылдары өлкөдө кылмыш жасаган өспүрүмдөрдү сотко жеткирбей, түшүндүрүү иштери менен туура жолго салуу максатын көздөгөн ювеналдык юстиция ыкмасы жайылтылып келатат. Жер-жерлерде социалдык кызматкерлер ар бир айыл, шаардагы үй-бүлөлөрдү изилдеп, жашоосу оор, ата-энесинен тийиштүү тарбия, багуу көрбөгөн балдар каттоого алынат. Алар менен атайын адистер иштеп, психологиялык жардам, тарбия берүүдө. (RK)