Чүйдө иш учурунда набыт болгон милиционердин үй-бүлөсүнө ички иштер министри Мелис Турганбаевдин буйругу менен 100 миң сом материалдык жардам бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты. Ошону менен катар Чүй милициясында иштегендер бир күндүк маянасын чогултуп маркумдун үй-бүлөсүнө берүүнү чечти.
Бүгүн Токмокто сууга чөгүп бараткан аялды куткарам деп набыт кеткен милиционерди акыркы сапарга узатып жатышат. Окуя 8-ноябрда болгон. Бишкек-Торугарт унаа жолунунун 60-чакырымында шар аккан суу каналына түшүп кеткен 25-30 жаштагы аялды куткарам деп жатып Токмок шаардык милиция кызматкери, 26 жаштагы Тынчтык Абдрахманов да кошо мерт кеткен. Маркумдун 2 баласы жетим калды. Ал милицияда иштегенине 2 жыл болгон. (RK)