Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Өкмөт башчы Талас облусун кыдырууда


Бүгүн, 10-ноябрда, премьер-министр Темир Сариев Талас облусуна бир күндүк иш сапарда жүрөт. Өкмөт башчы Кара-Буура районундагы төө буурчак сатып алуучу ишкананын абалы менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугат.

Мындан сырткары Талас шаарындагы оңдолуп жаткан жолдордун жана жылуулук ишканасынын абалы менен таанышат. Жергиликтүү актив менен жыйын өткөрүп, аймактын көйгөйлөрүн чечүү жолдорун талкуулайт.

Өткөн айда Таласта төө буурчактын баасы төмөндөп кеткенине нааразы дыйкандар митингге чыгып, өкмөткө бир топ талаптарды койгон болчу. Мурдагы жылы бир килограммы 100 сомдон сатылып алынып жаткан төө буурчактын баасы быйыл 25-30 сомго түшүп кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG