Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Спорт мектебинде окуу кайра уланды


Бишкекте Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резерв республикалык окуу жайда бүгүнтөн тарта окуу кайра уланды. Директордун милдетин аткарууга буга чейин шаардагы мектептердин бирин жетектеп келген Айнура Шакиралиева дайындалды.

20-октябрда №38 мектепке барып тополоң салган деп шектелип аталган окуу жайдын 50гө жакын окуучусу кармалып, кийин алардын бешөө эки айга тергөө аяктаганча камакка алынган. Окуяны иликтөө үчүн өкмөттө комиссия түзүлгөн. Териштирүү бүткөнгө чейин окуу жайдын директору Муратбек Кыбраев кызматынан алынып, билим берүү 9-ноябрга чейин токтотулган. (RK)

XS
SM
MD
LG