Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Прокурор Коркмазовду генералдык наамынан, 12 жылга эркинен ажыратууну өтүндү


Ушу тапта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 100 миң доллар пара алуу окуясы боюнча соттук териштирүү уланууда. Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүлдөн ушул сумманы алып жаткан жеринен кармалган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовду мамлекеттик айыптоочу 12 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка отургузууну, үй-мүлкүн конфискациялап, генерал-майор наамынан ажыратууну соттон суранды.

Нариман Түлеев мэр болуп турганда Кытайдан автобус сатып келем деп мамлекеттин акчасын жымырып алганы үчүн соттолгон. Түлеевдин үй-мүлкүн конфискациялоону мыйзам негизинде кароо үчүн кызынан 100 миң доллар талап кылган деген айып менен Коркмазов жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев кармалган болчу. Экөө тең ушул тапта УКМКнын тергөө абагында.

Нарымбаевди прокуратура 12 жыл 6 айга кесүүнү, үй-мүлкүнөн ажыратууну суранууда.

Нарымбаев да, Коркмазов да күнөөсү жок экенин айтып келишет. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG