Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Аун Сан Су Чжи парламенттик шайлоодо жеңгенин билдирди


Аун Сан Су Чжи айымдын сүрөтүн көтөргөн талапкерлери
Аун Сан Су Чжи айымдын сүрөтүн көтөргөн талапкерлери

Мьянма оппозициясынын лидери Аун Сан Су Чжинин пикиринде, анын «Демократия үчүн Улуттук лига партиясы” шайлоодо утуп чыгып, парламенттик көпчүлүккө ээ болду.

Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреатынын божомолунда, партия эки палаталуу парламентте орундардын 75 процентке жакынын алды. Башкаруудагы аскерий жетекчилик жазган Конституцияга ылайык, депутаттардын 25 процентин бийлик өзү дайындайт. Ошондуктан оппозициялык партияга көпчүлүктү жеңүү үчүн добуштардын 67 процентин алуу жетиштүү болмок. Алдын ала санактарга ылайык, оппозиция төмөнкү палатадагы 88 орундун 78ин камсыздады. 8-ноябрдагы шайлоонун соңку жыйынтыктары дагы бир топ күндөн кийин чыгарылат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG