Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:58

Нарында электр от казанын көмүргө өткөрүү түйшүк жаратууда


Нарын облусундагы электр от казандарын эки жыл аралыгында көмүр от казандарына алмаштыруу боюнча программа түзүлүп, аны ишке ашыруу үчүн 145 млн. сом керек. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Быйыл облус боюнча электр тогу менен иштеген 11 от казанды көмүргө өткөрүү каралган. Бирок ага Финансы министрлигинен тиешелүү акча берилген эмес.

Ат-Башы районундагы эки мектептин электр от казандарын көмүр от казандарына алмаштырууга каражат бөлүнгөнү менен, көмүр алып келүүгө акча берилбей калган.

Жалпысынан Нарын облусунда 269 от казан бар болсо, анын 130у электр менен, 80и көмүр менен жылыйт. (MiK)

XS
SM
MD
LG