Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Жаштар уюмдары бийликке кайрылуу жолдойт


Кыргызстанда жыл сайын өтүп жаткан "Жаштардын кайрымдуулук жумалыгында" тартылган сүрөт.
Кыргызстанда жыл сайын өтүп жаткан "Жаштардын кайрымдуулук жумалыгында" тартылган сүрөт.

Кыргызстандагы жаштар саясаты багытында иш жүргүзүүнү Билим берүү жана илим министрлигине тапшыруу суранычы менен бир катар уюмдар бийликке кайрылуу жолдойт. Ал президентке, Жогорку Кеңеш депутаттарына жана өкмөт башчыга жөнөтүлөт. Бүгүн бул багытта түрдүү уюмдардын өкүлдүрү Бишкек жана Ош шаарларында маалымат жыйын курушат. Алар өкмөттүн алдында жаштар саясаты боюнча кеңеш түзүүнү сунуштап жатышканын демилгечилердин бири Youth of Osh уюмунан "Азаттыкка" билдиришти.

Мурда жаштар саясаты ар кайсы мекемелерге жүктөлүп, 2010-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги болуп түзүлгөн. Быйылкы парламенттик шайлоодон соң өкмөттүн түзүмү өзгөрүп, ал министрлик жоюлган жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кошуу сунушталган. (SE)

XS
SM
MD
LG