Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

АКШ Конгресси Украинага аскерий көмөк көрсөтүүгө макулдук берди


АКШ Конгресси өлкөнүн коргоо бюждетин бекитип, Украина өкмөтүнө аскерий жардам үчүн 50 миллион доллар бөлүү чечимин кабыл алды. Анда эгер Москва Украинадагы куралдуу кагылыштар боюнча буга чейинки макулдашууларды бузса, Ак үй ага жооп иретинде реакция жасашы керектиги белгиленет. Бирок президент Барак Обаманын өкүлдөрү мамлекет башчы бул бюджетке кол коёру арсар экенин айтууда.

Обама буга чейинки бюджетке вето да койгон. Анда Ак үйгө Кубадагы Гуантанамо аскерий базада камалгандарды америка түрмөсүнө которууга тыюу салынган. Ошондой эле бюджетте Украина үчүн 300 миллион доллар бөлүү, анын 50 миллионун курал-жарак сатып алууга колдонуу белгиленген. Президенттик администрация буга Орусия каршылыгын билдириши мүмкүндүгүн айткан.

Мыйзамга ылайык, Ак үй Москва орто жана алыскы аралыкка ракеталык аткылоолорду жүргүзбөө боюнча өткөн кылымдын 80-жылдарындагы келишимди аткарышы тууралуу конгресске маалымдап турушу керек. Мамлекеттик департаменттин июндагы баяндамасында Кремль макулдашууну бузганы айтылган. Бирок Москва муну четке кагып, жооп иретинде Вашингтон тыюу салынган курал түзүмүн өндүрөт деп айыптаган.

АКШ Конгресси кабыл алган бюджетте “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүү үчүн да Иракка 175 миллион берүү маселеси каралган. (SE)

XS
SM
MD
LG