Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Өкмөт башчы төө буурчак боюнча чукул жыйын өткөрдү


Премьер-министр Темир Сариев бүгүн өкмөттө чукул жыйын өткөрүп, Тышкы иштер министрлиги менен Экономика жана өнөр жай министрлигине төө буурчак баасын жогорулатуу боюнча жаңы базарларды табуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу "Азаттыкка" премьердин маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди.

Сариев төө буурчак сатып алууга кызыкдар болгон бардык өлкөлөрдүн элчиликтери менен тез арада сүйлөшүү өткөрүүнү тапшырды. Бул иштерди координациялоо милдети биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевге жүктөлдү.

Ошондой эле Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине төө буурчак сатып алуучу бардык ишканалар менен сүйлөшүү өткөрүп, баасын көтөрүү боюнча бардык аракетти көрүү тапшырмасы берилди.

- Төө буурчакты татыктуу деңгээлде сатуу боюнча өкмөт бардык чараларды көрөт. Бул жаатта мамлекеттик органдар өз ишинен жыйынтык чыгарышы керек, - деди Темир Сариев. (RK)

XS
SM
MD
LG