Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:51

Москвада жабыркаган Канайым президенттен жардам алды


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада 7-кабаттан кулап жабыркаган Абсамат кызы Канайымга президент Алмазбек Атамбаев өз фондунан бөлгөн акчалай жардамды ал дарыланып жаткан ооруканага которду. 30-октябрда мамлекет башчы 300 миң рубл бөлүп бергени кабарланган.

19-сентябрда телефон аркылуу үй тазалоо үчүн берилген дарекке барган 20 жаштагы Канайым зомбулукка туш болгон. Ал качууга аракет кылып, терезеден кулаганда оор жаракат алган. Зордуктоого аракет кылды деген Шавкат Акимов камакка алынып, ага Орусиянын Кылмыш кодексинин 131-132-беренелери боюнча айып тагылган.

Москванын С.Боткин атындагы ооруканасынан Канайымга жамбаш сөөгүнөн жана омурткасынан операция жасалды. Элчиликтин экинчи катчысы Айымкан Кулукееванын айтымында, доктурлар кыздын мындан аркы абалы жана дагы операция жасоо зарылбы же жокпу, азыркы калыбына келүү мөөнөтүнөн кийин белгилүү болорун билдиришти. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG